Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:15

АКШ эбола вирусуна каршы күрөштү күчөтөт


АКШ президенти Барак Обама эбола вирусуна каршы күрөшүү багытында иштөө үчүн өзүнчө координатор дайындала турганын билдирди. Ал аталган илдеттин очогу болгон Африка батышына барууга чектөө киргизүүгө каршы эместигин, бирок муну күрөшүүнүн эң мыкты жолу деп эсептебей турганын айтты. Обама эбола кризисин талкуулагандан кийин журналисттерге жооп берип жатып «Чектөө киргизүүнүн натыйжасы биз азыр иштеп жаткан аракеттерге караганда азыраак болот. Муну кырдаалдан чыгуу жолу деп айтууга болбойт» деп билдирди.

АКШ эбола илдетин алдын алуу максатында аэропорт, портторунда текшерүүнү күчөткөн. Эбола вирусунун очогу Гвинея, Либерия, Сьерра-Леон жана Нигерия мамлекеттеринде катталган. Азырынча ооруга каршы дары табыла элек, вирусту жуктургандардын 90 пайызы өмүр менен кош айтышууда. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эболадан көз жумгандардын саны төрт миңден ашканын билдирүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG