Бул тууралуу Миланда өтүп жаткан “Европа-Азия” (АСЕМ) саммитинде Италия премьер-министри Маттео Ренци билдирди.
- Эл аралык маселелерди чечүүгө Орусиянын да катышканы маанилүү. Кийинки сүйлөшүүлөрдө дагы алдыга кадам таштайбыз деп ишенем, - деп билдирди ал.
Украинанын келечеги үчүн тынчсызданарын, кырдаалды жөнгө салуу үчүн убакыт талап кылынарын да кошумчалады.
Миланда Европа-Азия (АСЕМ) саммити ишин улантууда. Анда Украинадагы кризисти жөнгө салуу негизги маселе катары каралат деп күтүлүүдө. Бүгүн таңда тамак үстүндөгү сүйлөшүүгө Орусиянын, Украинанын, Франциянын президенттери Владимир Путин, Петро Порошенко, Франсуа Олланд, Германия канцлери Ангела Меркел, Италия жана Британиянын өкмөт башчылары Маттео Ренци, Девид Кэмерон, Европа биримдигинин жетекчиси Жозе Мануэл Баррозу, Еврокеңештин башчысы Херман ван Ромпей катышты. (КЕ)