Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:26

Египеттеги жардырууда эки полиция өлдү


Египеттин түндүгүндө бомба жарылып, эки полиция кызматкери каза болду. Дагы экөө жараат алды. Мамлекеттик телеканалдан берилген маалыматка караганда, жардыруу Синай провинциясында болду. Буга чейин Каирде Жогорку Соттун жанында бомба жарылып, 12 киши жараат алган.

Мурдагы президент Мухаммед Мурси 2013-жылы бийликтен кулатылгандан бери полиция жана аскер кызматкерлерине болгон кол салуулар күчөп келет.

Өткөн жылдын 4-июлунда болгон мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Мурсини колдогон “Мусулман агайындар” кыймылына тыюу салынып, миңдеген жактоочулары камакка алынып, бир нечеси өлүм жазасына тартылган.(КЕ)

XS
SM
MD
LG