Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:31

Гонконгдо полиция тосмолорду алып салды


Гонконг полициясы шаардын борбордук бөлүгүндө демонстранттар койгон тосмолорду тазалоодо. Демонстранттар мамлекеттик кызматчылар ишке чыгышы үчүн тосмолорду алууга өткөн апта соңунда макул болушкан. Ошого карабай шаарды баррикадалардан тазалоо операциялары учурунда полиция менен реформаны талап кылып көчөгө чыккандар ортосунда бир нече кагылыштар орун алып келген.

Басымдуу бөлүгүн студенттер түзгөн демонстранттар сентябрдын этегинен бери саясий реформаларды талап кылып, массалык митингдерди өткөрүп келатышат. Алар 2017-жылкы жергиликтүү шайлоодо бардыгы бирден добуш бере ала тургандай укукту талап кылышууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG