Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

Бишкекте “Казаки” тобунун концерти үзгүлтүккө учурады


17-октябрда күнү кечинде Бишкектеги Guns’n’Roses түнкү клубунда украиналык “Казаки” тобунун концерти үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, иш-чара башталар алдында "Калыс" кыймылы баштаган жаштар уюмдарынын 200гө жакын мүчөсү клубга келип, концертке каршылык билдиришкен. Алар бул музыкалык топ кумсаларды пропагандалап, улуттук баалуулуктарга каршы келерин айтышкан. Жыйынтыкта, концерт үзгүлтүккө учурады.

“Казаки” тобу Украинада түзүлгөн музыкалык топ. Төрт жигиттен турган топ мүчөлөрү шиш така кийип, аялдарды туурап, ар кыл бийлерди аткарышкан. Кыргызстанга алар Guns’n’Roses түнкү клубунун чакыруусу менен келген.

Акыркы учурда Кыргызстанда сексуалдык азчылыктарга каршылык айтылып келет. Апта башында Жогорку Кеңеш гей-пропагандага каршы мыйзам долбоорду биринчи окууда жактырган эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG