Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:07

Түштүк Корея: кырсыкта каза болгондор арасында кыргызстандыктар жок


Түштүк Кореядагы Соннам шаарындагы концерт учурундагы кырсыкта каза болгон жана жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын бул өлкөдөгү элчилигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 17-октябрда Сеулдан алыс эмес Соннам шаарында өтүп жаткан концертте вентиляциялык темир тор кулап, жыйырмадан ашык адам жер алдындагы унаа токтоочу жерге түшүп кеткен. Натыйжада 14 иши каза болду, ондогон адам жараат алды. Кыздардан турган белгилүү 4minute тобунун концертин көрүү үчүн бул имаратка 700дөн ашуун адам келген. Алардын басымдуу бөлүгү студенттер экени айтылууда.

Учурда Түштүк Кореяда 5 миңге жакын кыргызстандык окуп, иштеп жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG