Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Акыйкатчы өлкөдө майыптар укугу сакталбай жатканын айтып чыкты


Бул тууралуу акыйкатчы даярдаган атайын баяндамада айтылат. Баяндама өлкөдөгү майыптардын абалы боюнча иликтөөнүн негизинде даярдалган. Анда Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар дагы эле аялуу топко кирерин, мурдагыдай эле коомдук транспортту колдонууда, маданий, соода мекемелерине барууда кыйналганы дайын болгон. Мындай улам Акыйкатчы институту бул багыттагы мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизүүнү сунуштап жатат.

Расмий маалыматка ылайык, өлкө аймагында 156 миң майып жаран бар. Алардын 26 миңин 18 жашка чейинкилер түзөт.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, 2013-жылы 100 гана майып адам жумуш менен камсыздалган.(BkA)

XS
SM
MD
LG