Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:37

Орусия жана Украина президенттери газ маселесин талкуулады


Миландагы орус-украин президенттеринин сүйлөшүүсүндө газ маселеси боюнча эч кандай практикалык жыйынтыкка жетишилген жок. Бул тууралуу жолугушуудан соң Украинанын президенти Петро Порошенко билдирди. Порошенко газ боюнча сүйлөшүүдө бир аз жылыш болгонун, бирок бир топ маселени дагы талкуулоо зарылдыгын белгиледи.

45 мүнөткө созулган жолугушуудан соң орус президенти Владимир Путин болсо эң азынан кыш мезгилинде газ берүү шарты макулдашылганын билдирди. Ал Украинанын Батыштагы өнөктөштөрү өлкөгө бул маселе боюнча жардам береринен үмүттөнөрүн кошумчалады.

Орусия Украинанын миллиарддаган карызын төлөөнү талап кылып, жайдан тарта бул өлкөгө газ берүүнү токтоткон.

Миландагы саммитте Украинадагы кризис жана аны жөнгө салуу негизги маселе катары каралды. Саммитке Украина, Орусия жана Европа өлкөлөрүнүн лидерлери катышты. Газ боюнча сүйлөшүү 21-октябрда Брюсселде уланат.

XS
SM
MD
LG