Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:47

Тарифтин кымбатташына каршы ачкачылык уланууда


Бишкектеги Горький аянтында электр энергиясына тарифтин жана күйүүчү майдын баасынын кымбатташына каршы үч жарандык активист ачкачылык акциясын улантууда. Алар электр энергиясына тарифти кымбаттатууну токтотуу, үч фазаны кыйбай ордуна коюу жана Ширшовдун схемасы менен уурдаганга тыюу салууну талап кылышууда. Төртүнчү талап катары мурдагы министрлер: Осмонбек Артыкбаев, Аскарбек Шадиевдин камалышын атап жатышат.

15-октябрда өлкөдө күйүүчү майга жана электр энергиясына баанын көтөрүлүшүнө каршы Бишкекте боз үй тигип, ачкачылык кармамакчы болгон “Жаңы муун” кыймылынын акциясы үзгүлтүккө учураган. Курамы жаш активисттерден турган “Жаңы муун” кыймылына милиция буга чейин да бир нече жолу акция өткөрүүгө мүмкүндүк берген эмес. (BkA)

XS
SM
MD
LG