Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:03

Франция эболага каршы күрөштү күчөттү


Франция Европанын башка өлкөлөрүндөй эле эбола менен күрөшүү чараларын күчөттү. Жума күнү Париждеги Шарль Де Голль аэропортунда Гвинеядан учуп келгендерди кошумча текшерүүдөн өткөрүштү. Ал арада Air France авиакомпаниясынын профсоюздар уюму Гвинеяга болгон рейстерди толугу менен токтотууга чакырууда.

Париж Батыш Африка өлкөлөрүнө бул илдет менен күрөшүүгө жардам берерин да кошумчалады.

Брюсселде болсо учуп келген адамдардын жүктөрү да атайын текшерүүдөн өтүүдө.

Ал арада Сенегалда вирустун жайылышы токтотулду. Бул тууралуу Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму билдирди. Дүйшөмбүдө эпидемия жайылган өлкөлөрдүн катарынан Нигерия чыгарылары күтүлүүдө. Уюм билдиргендей эбола вирусун жугузуп алгандардын саны тогуз миңге, ал эми көз жумгандардын саны төрт жарым миңге жетти.

XS
SM
MD
LG