АКШнын Жаңы Англия аймагындагы Журналисттик иликтөө борборунун жетекчиси Жо Бергантино менен америкалык Newsplex маалымат агенттигинин башчысы Ренди Ковингтонду Петербургда “Журналисттик этика жана иликтөө” аталыштагы семинарды өткөрүп жаткан жеринен кармап кетишти.
“Азаттыктын” орус кызматынын кабарчысы Виктор Резунковдун айтымында, аларды кармап кеткен эки адам өздөрүн Санкт- Петербург шаарынын Федералдык миграция кызматынын өкүлдөрү деп тааныштырып, АКШ жарандарынын Орусияда жүрүүгө мүмкүндүк берген туристтик визалары окутуу иштерин жүргүзүүгө мүмкүн эместигин билдиришкен.
Маалым болгондой, Жо Бергантино менен Рэнди Ковингтондун визалары жөнөкөй эле туристтик эмес, атайын максат менен келгенин айгинелеп турат. Дал ушундай виза алууга Москвадагы АКШ элчилиги кеңеш берген.
Семинардын уюштуруучусу, "Фонтанка.ру" интернет порталынын редактору Александр Горшков америкалык журналисттер учурда Василеостровский районунун сотунда экенин билдирди.
Федералдык миграция кызматынын шаардык башкармалыгында бул боюнча кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тартышты.