Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:23

КУУ: ректор шайлоого жамааттын 80 пайызы добуш берди


Кыргыз улуттук университетинин ректорунун шайлоосуна саат 15.00гө карата окуу жай жамаатынын 80 пайызы добуш берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” шайлоону эсептөө комиссиясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, добуш берүү маалында одоно мыйзам бузуу катталган жок. Бюллетенди сүрөткө тартып алууга аракет кылган 3-4 факты болду.

Бүгүн Улуттук университет ректорду тандап жатат. Ага окуу жайдын жамааты добуш берүүдө. Он беш талапкер ат салышып жатат. Эң көп добуш алган үч талапкер өкмөткө сунушталат. Алардын арасынан өкмөт башчысы бирин тандап алмакчы.(BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG