Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:14

КУУ ректору үчүн добуш берүү жыйынтыкталды


Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректорун шайлоо аяктады. Ага жамааттын 90 пайызга жакыны катышты. Учурда бюллетендер саналып жатат. Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү олуттуу мыйзам бузуу катталбаганын билдиришти. Ректорлук үчүн 15 талапкер ат салышты. Алардын арасында КУУнун проректорлору, окутуучулары жана өлкөдөгү башка окуу жайлардын жетекчилери бар. Добуш берүү жыйынтыгы менен эң көп добуш алган үч талапкер өкмөткө сунушталат. Алардын арасынан өкмөт башчысы бирин тандап алмакчы.(BkA)

XS
SM
MD
LG