Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

“Жаңы муундун” ачкачылык акциясы уланууда


Бишкектин Горький паркында «Жаңы муун» жаштар кыймылынын үч мүчөсүнүн ачкачылык акциясы уланууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кыймылдын мүчөсү Мелис Аспеков билдирди.

Алар электр энергиясынын баасын мурдагы баасында калтырууну, үч фазалуу абоненттерди кыркууну токтотууну жана аны калыбына келтирүүнү, энергетикадагы Ширшовдун коррупциялык схемаларын толугу менен жоюну жана мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевди жоопко тартууну талап кылышууда.

“Буга чейин бийлик тараптан эч ким кабар алган жок. Эртең тез жардам кызматын чакырып ден соолугубузду текшертебиз. Шейшембиге чейин бул талаптарыбыз аткарылбаса, катарыбызга башка дагы тарапташтарыбыз кошулат жана аймактарда да ачкачылык акциясы уланат”, - деди Аспеков.

“Жаңы муун” 15-октябрда Горький паркында ачкачылыкты боз үйдүн ичинде баштамакчы болгон. Бирок милиция аларды үй тигүүгө уруксат алган эмес деген негизде кармаган. Мелис Аспеков күндүзү төшөк салып ачык асман алдында отурушкандыктарын, ал эми түнкүсүн машинелеринде уктап жатышкандыктарын билдирди. (МТо)

XS
SM
MD
LG