Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:14

Француз соту мурунку аткаминерди Орусияга кайтарат


Француз соту Орусия башкы прокуратурасынын талабын канааттандырып, Подмосковьенин мурдагы каржы жетекчиси, мүлктү коромжуга учураткан деп айыпталып жаткан Алексей Кузнецовду кайтарып бермей болду.

Мындай чечимди Лион соту жума күнү кечинде чыгарып, Кузнецов жаза иретинде мажбурланып ишке салынбаса жана француз бийлик өкүлдөрү менен байланышууга мүмкүнчүлүк ала алса гана экстрадиция кылууга макул болду.

Сентябрь айында эгер Кузнецов Орусияга берилсе саясий негизде куугунтукталат деген адвокаттардын арызын француз прокуратурасы четке каккан.

Алексей Кузнецов 2013-жылдын жайында Франциянын Сен-Тропе шаарында кармалган. Маалыматтарга караганда анын жанынан беш башка аты-жөнү бар беш паспорт табылган.

Орусияда болсо аны көз боемочулук кылып, Москва облусуна бир нече миллиарддаган рубль зыян келтирген деп айыпташууда. Иликтөөнүн натыйжасы ал каражаттар четтен кыймылсыз мүлк сатып алууга коротулган.

XS
SM
MD
LG