Азербайжандагы “Совершенный Гражданин” агартуу борборунун жетекчиси, укук коргоочу, илим доктору Гасан Гусейнли эркиндикке чыкты.
Азербайжан президенти Ильхам Алиев абактагы 80ден ашуун адамга ырайым кылуу тууралуу буйрукка кол койгон. Алардын арасында Гасан Гусейнли жана NIDA жарандык кыймылынын мүчөлөрү Шахин Новрузлу, Эльсевер Мурсалли жана Бахтияр Гулиев да бар.
Агартуучу Гасан Гусейнли 2014-жылдын 31-мартында Арзу Гахрамановду бычактаган деген айып менен Гянджа шаарында кармалган. 14-июлда аны Низами соту 5 жыл 11 айга эркинен ажыраткан.
“Совершенный Гражданин” агартуу борбору коомдук бирикмеси (ICEC) иштегенине 10 жылдан ашты. Бул бейөкмөт уюмдун негизги максаты: Азербайжандын батыш аймагында, өзгөчө жаштар арасында ачык коомдун идея-максаттарын жайылтуу.