Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:34

Ошто улуттар аралык достук фестивалы өтөт

Эртеӊ, 20-октябрда Ош шаарында «Ыйык мекен ынтымак кучагында» аттуу достук фестивалы өткөрүлөт.

Ага Оштогу этникалык топтордун өкүлдөрү катышып, улуттук жана кыргыз ырларын ырдашат. Иш-чараны «Ынтымак» аймактык телекомпаниясы Ош шаардык жаштар комитети жана Улуттар ассамблеясы биргеликте уюштурууда.

Уюштуруучулардын билдиришинче, достук фестивалы түрдүү улуттар ортосундагы өз ара түшүнүүчүлүктү, бири-биринин маданиятын сыйлоону жакшыртат.

Иш-чара Оштогу өзбек улуттук драма театрынын имаратында өтмөкчү. (YI)

XS
SM
MD
LG