Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Зомбулукка кабылган балдар көп катталууда


2014-жылдын алты айында шаардык балдар ооруканасына зомбулукка кабылган 25 бала кайрылган. Ал эми акыркы үч айда эле 16 бала кайрылып, зомбулукка кабылган балдардын жалпы саны 41ге жетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” балдарды коргоо борборунун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Гладис Темирчиева билдирди.

“Республика боюнча алганда 41 абдан аз болушу мүмкүн. Бирок зомбулукка кабылган балдар бул нерсени ачыкка чыгарышпайт. Айрымдары өздөрү зомбулукка кабылып жатканын да билбейт. Көбүнчө ата-энеси, жакын туугандары тарабынан зомбулукка кабылгандыктан, муну кадыресе көрүнүш катары карайт. Биз изилдөө жүргүзүп, Бишкектин четиндеги конуштарда жашаган 600 баланы сурамжыладык. Алардын 72%ы эгер зомбулукка кабылса, аны кимдир бирөөгө эч качан айтпастыгын билдиришкен. Балдарды уруп-соккондон тышкары, сөз менен кемсинтүү, аларга көңүл бөлбөө дагы зомбулукка жатат”, - дейт Темирчиева.

Анын айтымында, өлкөдө балдарды коргоо боюнча механизмдер жетишсиз, социалдык кызматкерлер жетишпейт жана алардын айлыгы аз.

Мындан улам беш коомдук уюм 1-октябрдан 31-октябрга чейин “Биргеликте балдарды зомбулуктан коргойлу” аттуу кампания өткөрүп жатат. Анын алкагында балдарга жана алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, маалыматтык материалдар таратылып, форум-театрлар, атайын телекөрсөтүүлөр көрсөтүлүүдө. (МТо)

XS
SM
MD
LG