Орусиялык жөө күлүк Дмитрий Ерохин бүгүн Бишкектен Балыкчыга жол тартат. Ал жерден үч күндөн кийин Ерохин Ысык-Көлдү айланып, 450 километр аралыкка жүгүрөт. Жөө күлүк көлдү беш күндө айланып өтөм деп болжолдоп жатат.
Ерохин буга чейин маалымат каражаттарына кабарлагандай, муну менен ал “Жардам берүү оңой” деп аталган фондго колдоо көрсөтүүнү максат кылды. Аталган фонд онкологиялык ооруга чалдыккан балдарга колдоо көрсөтүп келет. (ZMa)