Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:26

Бүгүн Stans Energy компаниясына берилген мөөнөт аягына чыгат


“Кыргызалтын” компаниясы канадалык тоо-кен казуучу Stans Energy Corp компаниясына “Центерра Голддогу” акцияларды камакка алуу тууралуу доо арызын чакыртып алууга 20-октябрга чейин мөөнөт берген. Эгерде бүгүн Stans Energy Corp арызын чакыртып албаса, “Кыргызалтын” өз укуктарын коргоп сотко кайрылат жана чыгашаларды төлөп берүүнү талап кылат. Бул тууралуу “Кыргызалтындын” жетекчисинин орун басары Кылычбек Шакиров “Азаттыкка” билдирген.

Канаданын Stans Energy Corp компаниясы Куттуу-Сайдагы сейрек кездешүүчү кенди иштетүүгө 2009-жылы лицензия алып, бирок апрель ыңкылабынан кийин ажыратылган. Компания Москвадагы эл аралык Арбитраждык сотко кайрылып, кыргыз өкмөтүн 118 млн. долларга утуп алгандан кийин 14-октябрда Канаданын Онтарио провинциясынын Жогорку Соту Кыргызстандын “Центерра Голддогу” 60% акциясын камакка алган.

Соттун чечими менен Кыргызстанга жана “Кыргызалтынга” “Центерра Голддогу” 47 млн. акцияны сатууга, алмашууга, күрөөгө берүүгө тыюу салынат. “Кыргызалтындын” акциялары Stans Energy Corp кыргыз өкмөтүнөн 118 млн. доллар өндүрүп алышы үчүн камалган.

“Кыргызалтындын” төрагасы Токон Мамытов “Центерра Голд” компания менен өкмөт ортосундагы соттук талашка тиешеси жок болгондуктан Онтарионун соту ишкананын акциясын камакка алууга укугу жок болчу деп эсептейт. (ZMa)

XS
SM
MD
LG