Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:06

Австралия Иракка атайын даярдыктагы 200гө жакын жоокерин жиберет


Австралиянын тышкы иштер министри Жули Бишоптун кабарлашынча, расмий Багдад менен жетишилген макулдашууга ылайык, атайын даярдыктагы 200гө жакын жоокер “Ислам мамлекети” тероррдук топко каршы турууда ирактык күчтөргө колдоо көрсөтүү үчүн жиберилип жатат. Бишоп айым ал жоокерлер кеңеш берүүчү функцияны гана аткара турганын кошумчалады.

18-октябрдан тарта Ирактын өкмөттүк күчтөрү экстремисттер басып алган Байжи шаарын бошотуу боюнча операцияны баштаган. Анын эртеси күнү “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери Байжи шаарына бараткан жоокерлерди токтотуу үчүн жанкечтини колдонушкан. (ZMa)

XS
SM
MD
LG