Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:12

Бүгүн “Ата Журт” менен “Республика” партиялары биригет


Эки саясий партиянын мүчөлөрү бүгүн курултайга чогулуп, жаңы партия түзүлгөнүн жарыялашат. Партиянын мүчөсү Нурлан Шакиевдин “Азаттыкка” кабарлашынча, буга чейин партия лидерлери Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабанов бир нече жолу жолугушуп, бир пикирге келген соң өз партияларынын саясий кеңештерине бул тууралуу кабар берген.

Бүгүн Опера жана балет театрында жаңы партиянын аталышы да белгилүү болот. Өз булактарыбыздын кабарлашынча, партия “Ата Журт-Республика” саясий партиясы деп аталышы мүмкүн.

Нурлан Шакиев жаңы түзүлүп жаткан партия бийликке карата конструктивдүү оппозиция турумун ээлей турганын белгиледи:

- Көптөр "бул экөө бири-бирине карама-каршы маанайда жүргөн, кантип биригип жатышат" деп айтып жатпайбы. Мен өзүм күбө болуп турам, тескерисинче, баары абдан жакшы өтүп жатат. Эгерде ушул бойдон кете берсе, биз ынтымактын, биримдиктин үлгүсүн көрсөтөбүз деген ниетибиз бар.

Учурда эки партиянын тең Жогорку Кеңеште фракциялары бар жана алар парламенттик оппозицияда турушат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG