«Ыйык мекен ынтымак кучагында!» деп аталган маданий иш-чарада Оштогу онго жакын улут өкүлдөрүнүн ыр-күүлөрү жаңырып, биримдикке чакырык ташталат. Фестиваль 20-октябрда Ош шаарында Бабур атындагы академиялык музыкалык-драмалык театрда өтөт. Аны “Ынтымак” коомдук аймактык телерадиокомпаниясы калаа мэриясы менен бирге уюштуруп жатат.
Ош шаарында 2010-жылдагы калабадан кийин мындай иш-чаралар тез-тез өткөрүлүп келет. (SE)