“Ата журт” жана “Республика” партияларынын биргелешкен курултайында Өмүрбек Бабанов учурдагы башкаруу системасын алмаштыруу зарыл болуп турганын айтты. Анын оюнча мамлекет президенттик-парламенттик башкарууга өтүшү керек. Азыркы парламенттик бийликте эч ким жоопкерчиликти мойнуна албай жатканын кошумчалаган Бабанов:
-Өкмөттүн ишине Жогорку Кеңеш кийлигишүүдө. Өкмөт иштей албай калды. Президент эле иштеп жатат,- деди.
Бүгүн Бишкектеги Опера жана балет театрында өтүп жаткан биргелешкен курултайда жаңы партиянын аталышы да белгилүү болмокчу. Өз булактарыбыздын кабарлашынча, партия “Ата Журт-Республика” саясий партиясы деп аталышы мүмкүн. (SE\EBM)