Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Кыргызстанда ВИЧ илдетинен 1029 киши каза болду


2014-жылдын 1-октябрына карата өлкө аймагында ВИЧ илдетин алып жүргөн 5586 киши катталды. Алардын 1029у каза болду. Оору жуктургандар өткөн жылга салыштырмалуу 1,2 пайызга өстү. Бул тууралуу республикалык СПИД борборунун төрайымы Үмүткан Чокморова “Азаттыкка” билдирди.

Жалпы оорулуулардын 30% Чүй облусунда, 20% Ош облусунда, 17% Баткенде, 15% Жалал-Абадда, 15% Бишкек шаарында. Калгандары Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында.

Дартка чалдыккандардын 61 пайызы баңгизатын колдонуучулар. Калгандары жыныстык жол менен, энеден балага жана медициналык каражаттардан жуктуруп алгандар.

Илдетти алып жүргөндөрдүн 300гө жакыны балдар. Соңку жылдары өз ыктыяры менен анализ тапшыргандар көбөйдү. Текшерүүгө келбей жүргөндөрдү кошо эсептесе, ВИЧ жуктургандардын саны азыркыдан бир кыйла көп болушу мүмкүн.

Кыргызстанда ВИЧке чалдыкка адам алгач 1996-жылы аныкталган. (SE)

XS
SM
MD
LG