Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:48

Ачкачылыкка чыккандар катарын кеңейтмекчи


Бишкектин Горький сейил багында уланып жаткан ачкачылык акциясынын катышуучулары койгон талаптарына жооп берилбесе, 21-октябрдан тарта акцияга башка пикирлештери да тартыларын билдиришти. Бул тууралуу “Азаттыкка” ачкачылык кармап отургандардын бири Мелис Аспеков маалымдады.

Акцияга “Жаңы муун” жаштар кыймылынын өкүлдөрү Мелис Аспеков, Качкын Булатов жана Төрөхан Жунусбеков чыккан. Алар электр энергиясына бааны көтөрбөөнү, үч фазалуу абоненттерди кыркууну токтотууну жана аны калыбына келтирүүнү, энергетикадагы Ширшовдун коррупциялык схемаларын толугу менен жоюуну, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевди жоопко тартууну талап кылышууда.

“Жаңы муун” 15-октябрда Горький паркында ачкачылыкты боз үйдүн ичинде баштамакчы болгон. Бирок милиция аларды үй тигүүгө уруксат алган эмес деген негизде кармаган. Учурда алар күндүз күнү төшөк салып ачык асман алдында отуруп, түнкүсүн унааларында уктап жатышат. Азырынча алар коюп жаткан талаптарга бийлик тараптан жооп боло элек. (SE)

XS
SM
MD
LG