Кыргыз бийлиги оппозицияны радикалдашууга алып барбашы керек. Бул тууралуу экс-депутат Камчыбек Ташиев “Ата-Журт” жана “Республика” партияларынын биригүү курултайында айтты:
- Өлкөнүн бир катар тармактары кризиске батып турган кезде бийлик да, оппозиция да кызматташууга барышы зарыл. Бул биригүү саясатчылардын эмес, саясий күчтөрдүн биригүүсү,- деди Ташиев.
Эки саясий партия бүгүн биригип, жаңы - “Республика Ата Журт” саясий партиясы түзүлгөнү расмий жарыяланды. Биригүү чечими Бишкектеги Опера жана балет театрында өткөн курултайда кабыл алынды. (SE\EBM)