Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:41

Гонконг администрациясы "тышкы күчтөрдү" айыптады


Гонконгдун администрация башчысы Лян Чженьин бир айдан бери токтобой келаткан нааразылык акциялары үчүн "тышкы күчтөрдү" айыптады. Жекшемби күнкү телеинтервьюсунда ал шаардын негизги көчөлөрүн бууган митинг айрым чет өлкөлөрдүн колдоосу астында уюштурулуп жатканын билдирди, бирок кайсы мамлекет тууралуу сөз болуп жатканын атап айткан жок.

Кечээ полиция менен кагылышуу учурунда 20 протестчи жараат алганы расмий кабарланды.

Акцияга активдүү катышып келаткан Студенттер федерациясынын жетекчиси Алекс Чоу Гонконг администрациясынын айыптоолорун четке какты:

- Эки тараптуу сүйлөшүү пландалып жаткан чакта мындай билдирүүнүн жасалышы администрация митингчилерди күч колдонуп таратууну көздөп жатканынан кабар берет. Бул жоопкерчиликсиз билдирүү болду, - деди Алекс Чоу.

Гонконгдо шайлоо системасы демократиялык жол менен өнүгүүсүн талап кылган 100 миңдей жаран алгач бир ай мурда ири нааразылык акциясын баштаган. Андан бери бийлик аларды таратуу аракетин бир нече жолу жасады.

1997-жылы Британия буга чейин колониясы болуп келген Гонконгду Кытайга өзгөчө административдик район катары өткөрүп берген. Коммунисттик башкаруудагы кытай бийлиги Гонконгдо демократияга тоскоолдук болбосун убада кылган. Бирок келерки жергиликтүү шайлоодо гонконгдуктарга эркин тандоо укугу берилбеси, алар Пекин тандаган эки-үч талапкердин бирөөнө гана добуш берүүгө милдеттүү болору тууралуу кабар нааразылыкка себеп болду. (RK)

XS
SM
MD
LG