Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:21

Ачкачылык кармап жаткандар маалымат жыйынын өткөрүшөт


“Жаңы муун” жаштар кыймылынын саясий талаптарды коюп, ачкачылык кармап жаткан өкүлдөрү Бишкектин Горький сейил багында журналисттер үчүн жыйын өткөрөт.

Аталган кыймылдын өкүлү Мелис Аспековдун “Азаттыкка” маалымдашынча, алар менен азырынча бийлик өкүлдөрүнөн эч ким жолугуша элек.

- Биз эми өкмөттүн кетишин, анын мүчөлөрүнүн жоопко тартылышын талап кылып жатабыз. Бир күн мурда мэрге “бизди биодаараткана, электр жарыгы, тез жардам менен камсыздап бергиле” деп кайрылганбыз. Бул үч өтүнүчүбүзгө тең жооп болгон жок.

“Жаңы муун” кыймылы электр энергиясына бааны көтөрбөөнү, үч фазалуу абоненттерди кыркууну токтотууну жана аны калыбына келтирүүнү, энергетикадагы Ширшовдун коррупциялык схемаларын толугу менен жоюуну, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевди жоопко тартууну талап кылышууда. (ZMa)

XS
SM
MD
LG