Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

2015-жылга чейин Бажы биримдигине тиешелүү мыйзамдар кабыл алынат


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, кыргыз мыйзамдарын Бажы биримдигинин шарттарына шайкеш келтирүү жараяны башталды.

“Алгачкы 16 мыйзам долбоор биринчи окууда кабыл алынды. Мындай жол менен жаңы жылга чейин 100гө жакын ченемдик укуктук акт кабыл алынарына ишенем”, - деди Жээнбеков.

Өкмөт буга чейин Бажы биримдигине кошулуу боюнча 38 мыйзам долбоорун жана 12 ченемдик укуктук документти иштеп чыккан.

29-майда Евразия экономикалык шериктештигинин Астана саммитинде Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча жол картасы кабыл алынган. Анда президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды жыл аягына чейин Бажы биримдигине кошуу ниетин билдирген. (ZMa)

XS
SM
MD
LG