Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:44

Ош: милиция аралашкан жаңжал иликтенүүдө


Ош шаарында 20-октябрь күнү кечинде болгон ок атышуу окуясы иликтенип жатат. Милиционердин куралын тартып алууга аракет жасап жаткан учурда кокустан атылган ок бутуна тийген жаран кармалып, сурак берүүдө.

Шаардык Ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, окуя кечки саат жетилер чамасында болгон. Калаа милициясынын опер кызматкери Масалиев көчөсүндө “ДеУ-Матиз” үлгүсүндөгү унаасында кетип бараткан учурда артынан “Тойота” машинеси келип сүзгөн. Милиция кызматкери менен берки машинеде отурган 25-30 жаштардагы 3-4 жигит жаңжалдашып кетип, натыйжада алар милиционердин табелдик куралын тартып алууга аракет жасаган. Ошол учурда ок атылып кетип, жигиттердин биринин бутуна ок тийген. Алар куралды тартып алып, качып кетишкен. Көп узабай, бутуна оң жаңылган жаран кармалган. Ал Ош шаарынын 26 жаштагы тургуну экени аныкталды.

Мушташта жабыркаган милиция кызматкери шаардык ооруканада дарыланууда. (SE)

XS
SM
MD
LG