Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:31

Акын Пасаңованын "Арыба, Жүрөк" аттуу ыр жыйнагы чыкты


Прозалык жана поэтикалык бир нече китептердин автору Зинакан Пасаңованын "Арыба, Жүрөк" аттуу жаңы ырлар жыйнагы жарык көрдү. Бул тууралуу автор “Азаттыкка” өзү кабарлады. Пасаңованын айтымында, аталган ыр жыйнак анын поэзия жанрындагы көп жылдык эмгегинин жыйынтыгы.

Зинакан Пасаңованын буга чейин “Аял сыры”, “Жамгыр тоодон башталат”, ”Сыркеч жамгыр” аттуу ыр жыйнактары, “Кут түшкөн түндөр” аттуу аңгеме-повестери, “Академик Текенов” аттуу документалдуу романы, балдар үчүн жазган да бир нече китептери жарык көргөн. Ал чыгармалары үчүн республикалык "Калемгер" жана эл аралык бир нече сыйлыктарга татыктуу болгон. (ZA)

XS
SM
MD
LG