Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:29

КТРКнын директорлугуна он киши ат салышууда


Коомдук Биринчи каналдын Байкоочу кеңешинин төрагасы Илим Карыпбеков “Азаттыкка” билдиргендей, медиа-мекемени башкарууга он киши арыз берди. 30-октябрь күнү алардын арыздары каралып, сынактын талаптарына төп келгендери тандалып алынат. Алар өздөрүнүн КТРКны өнүктүрүү программаларын тааныштырган соң Байкоочу кеңеш шайлоо өткөрүп, бир кишини тандайт.

Директорлук кызматка талапкерлер арасында азыркы жетекчи Султан Жумагулов, Назира Раимкулова, Абдыкадыр Султанбаев, Сталбек Дүйшалиев, Космос Чыдынов, Үсөн Көлбаев, Шадыкан Жакыпов, Болот Тилебаев, Жээналы Камбаралиев жана Назаркул Жоошбаев бар.

1-августтан тарта Коомдук Биринчи каналдын директорунун милдетин Султан Жумагулов аткарып келатат. Мурдагы жетекчи Кубат Оторбаев кызматтан өз каалоосу менен кеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG