Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:27

Кримдүйнө өкүлдөрүнө жасалма паспорт берүү фактылары аныкталды


Социалдык фонд жана Мамлекеттик каттоо кызматынын жооптуу кишилери тарабынан кылмышка шектүү жарандарга жасалма паспорт берүү фактылары аныкталды. Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, башка мамлекеттен депортация болуп келгендердин, соттолгондордун жана издөөдө жүргөн кишилердин аты-жөнүн, жеке маалыматтарын өзгөртүп, жаңы документ жасап берүү боюнча 2200дөн ашуун факт табылды. Жасалма паспорт алгандар арасында криминалдык дүйнө өкүлдөрү жана банктан ири карыз алган кишилер да бар.

Башкы прокуратура бул боюнча эки мекеменин жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. (SE)

XS
SM
MD
LG