Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:32

Ооганстанда апийим өстүрүү көбөйүүдө


Ооганстанды калыбына келтирүү боюнча америкалык инспекциянын белгилешинче, бул аймакта апийим өстүрүү быйыл рекорддук чекке жетти. Аталган инспекция АКШнын апийим өндүрүүнү токтотуу аракетине жана буга байланыштуу ири сумма бөлгөнүнө карабай, бул тармак өсүп жатканын белгилейт. Кошмо Штаттар бул үчүн 7,5 млрд. доллардан ашуун каражат короткон.

21-октябрда жарыяланган баяндамада апийим өстүрүү 2013-жылы 209 миң гектарга чейин өскөн. Ооган бийлиги дыйкандарга акча табуунун башка түрлөрүн сунуш эткен программаларга карабастан, былтыр 157 миң гектардай жерге апийим эгилгенин билдирген. Натыйжада 2013-жылы 5 миң 500 тонна апийим жыйналган. Америкалык укук коргоо уюмунун белгилешинче, бул аймакта жумушчу күч арзандап, апийимдин баасы өскөн.

АКШнын Кабулдагы элчилиги Ооганстандын жаңы бийлиги бул маселеге көңүл бурат деп ишенет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG