Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:29

"Внуководогу" авиакырсыкты тергөөгө француздар да катышат


Франциянын ыйгарым өкүлү жана анын беш кеңешчиси "Внуково" аэропортундагы авиакырсыкты тергөөгө катышуу үчүн Москвага келишет. Бул тууралуу Мамлекеттер аралык авиация комитетинен билдиришти. Аталган комитет француз кызматкерлери келгенге чейин учактын бортундагы каттоочу жабдыктарды ачпай турушарын билдиришти.

20-октябрдан 21ине караган түнү Москвадагы "Внуково" аэропортунда учууга даярданып жаткан учак кар тазалоочу машинаны сүзүп алганы кабарланган. Бул кырсыкта франциялык ири Total мунай компаниясынын президентти Кристоф де Маржери жана учактын үч экипажы каза болгон. Орусиянын Тергөө комитети кар тазалоочу унаанын айдоочусу мас абалында болгонун билдирген.

Окуяга байланыштуу кылмыш иши козголду. Тергөө иштерине криминалисттер жана дасыккан тергөөчүлөр тартылат. Тергөө комитети айдоочу кармалганын кабарлады. Анын баш коргоо чарасы 22-октябрда каралышы мүмкүн. Буга чейин аэропорттун жетекчилеринин жоопкерчилиги каралышы ыктымалдыгы да айтылган.

Total дүйнөдөгү ири беш мунай компаниянын катарына кирет. 63 жаштагы Маржери аны 2007-жылдан бери башкарып келаткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG