Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бүгүн Бишкектин эски аянтында өтчү иш-чара ак илбирстерди сактоо боюнча бүткүл дүйнөлүк форумда кабыл алынган чечимдердин алкагында уюштурулуп жатат.
Сентябрда Бишкекте жок болуп бара жаткан илбирстерди коргоо жаатында жергиликтүү жана дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу максатында илбирстерди сактоо боюнча дүйнөлүк форум өткөн. Ага илбирс байырлаган 12 өлкөнүн өкүлдөрү катышып, илбирстерди сактоо боюнча атайын декларация кабыл алган.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 20 жыл мурун миңге жакын илбирс бар болсо, азыр алардын 300дөйү калган. (ZMa)