Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:10

Саясий ишмер камакка алынды


Маңзат менен күрөш башкармалыгынын кызматкерлери саясий ишмер Акылбек Атабаевди 10 килограмм героин менен кармады. Бул тууралуу аталган башкармалыктын кызматкерлерине шилтеме берип “Вечерний Бишкек” гезити жазды.

Кабарларга караганда, “Чыйыр” гезитинин башкы редактору, КТРКнын Байкоочулар кеңешинин мурдагы мүчөсү, “Акыйкат” партиясынан депутаттыкка талапкер Акылбек Атабаев Маңзат менен күрөш башкармалыгынын көңүл чордонуна жарым жыл мурда түшкөн. Тартип коргоо органдары саясий ишмер цыган жана тажик кылмыштуу топтору менен байланышта болгон деп шектенип жатышат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG