Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:41

Оштогу 5-тергөө абагынын жетекчиси сурак берүүдө


Оштогу №5 тергөө абагынын жетекчиси Абдыкадыр Асановдун УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалганын “Азаттыктын” өздүк булактары кабарлады. Тактала элек маалыматтар боюнча, ал соттолгон жаранды сыртка чыгарып, туугандарынын тоюна катышууга уруксат бергендиги үчүн 20-октябрда камакка алынган.

УКМК азырынча комментарий бере элек. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн өкүлү Элеонора Сабатарова Асанов сурак үчүн чакырылганын, камакка алынды деп айтууга азыр эрте экенин билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG