Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:02

Кыргыз жана орус муфтийлери экстремизмге каршы бирге күрөшөт


Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Орусия мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Шейх Талгат Сафа Тажудин менен Уфа шаарында жолукту. Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, алар ислам дининин заманбап өнүгүшүнө экстремисттик кыймылдар тийгизип жаткан залаканы талкуулашты. Мусулмандардын салттуу ислам боюнча сабаттуулугун жогорулатуу үчүн эки тараптуу кызматташууну улантуу макулдашылды.

Муфтийлердин жолугушуусу “XXI кылым. Билим мейкиндигиндеги исламдын баалуулуктары жана идеялары” аттуу жетинчи эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында болду.

Учурда кыргыз муфтиятынын Москвадагы өкүлчүлүгү ал жактагы мигранттардын диний сабатын жогорулатуу боюнча окууларды өткөрүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG