Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

Ачкачылык акциясын эки адам токтотту


Электр энергиясына бааны көтөрбөөнү, үч фазалуу абоненттерди кыркууну токтотууну жана аны калыбына келтирүүнү, энергетикадагы Ширшовдун коррупциялык схемаларын толугу менен жоюуну, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевди жоопко тартууну талап кылып ачкачылыкка чыккан жети кишинин экөө акцияны токтотту.

Уюштуруучулардын бири Мелис Аспеков ден соолугу кескин начарлап кеткендиги үчүн дарыгерлердин сунушу менен үч күнгө тыныгууга чыкканын “Азаттыкка” билдирди. Алардын катарына 21-октябрда кошулган студент жигит ата-энесинин каршы болгондугуна байланыштуу ачкачылыкты токтоткон.

16-октябрдан бери Бишкектеги Горький сейил багында башталган акцияга алгач “Жаңы муун” жаштар кыймылынын өкүлдөрү Мелис Аспеков, Качкын Булатов жана Төрөхан Жунусбеков чыккан. 21-октябрда алардын катарына дагы төрт адам кошулган болчу. Бийлик тараптан азырынча алар койгон талапка жооп боло элек. Ал арада Бишкек шаардык милициясы активисттер кечинде үйлөрүнө кетип жатканын айтып, бул акцияны көз боёмочулук деп атады (SE)

XS
SM
MD
LG