Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата Улуттук илимдер академиясы тарабынан даярдалган акындын эки китеби жарык көрдү. Алар Сатылгановдун чыгармалар жыйнагы жана акындын варианты боюнча айтылган “Кедейкан” эпосу.
Бул китептер мурда жарык көргөн басылмалардан айырмаланат. Буга чейинки басылмасында советтик идеологияга байланыштуу чыгармалардагы бир топ саптар оңдолуп, түзөлүп басылып келген. Ал гана эмес “Кедейкан” эпосу да өзгөрүүгө учураган. Түзүүчүлөр Абдылдажан Акматалиев, Омор Сооронов ошол оңдоп-түзөтүүлөрдү академиянын кол жазмалар фондундагы материалдар, маалыматтар менен салыштырып, баштапкы вариантын сунушташкан.
Китептер өкмөтүн каражатына, “Турар” басмаканасынан басылып чыкты. Жакында алар Түрк академиясы тарабынан казак тилине которулуп, жарык көрмөкчү. (ZA)