Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:51

Даниянын адам укугу институту кыргыз акыйкатчысына жардам берет


Даниядагы Людвиг Ботсман атындагы адам укугу боюнча институтунун өкүлдөрү бүгүн Бишкекте омбудсмен Бакыт Аманбаев менен жолугуп, мындан аркы кызматташууну сүйлөштү. Жолугушуу учурунда Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгүн жогорулатууга багытталган үч жылдык долбоор талкууланды. Ал Евробиримдик жана Людвиг Ботсман институту тарабынан каржыланат.

Долбоорду сентябрда Данияга сапары учурунда Бакыт Аманбаев демилгелеген. Эми кыргызстандык жана даниялык укук коргоочулар аны ишке ашыруу үчүн бирдиктүү план иштеп чыгышат.

Даниядан Бишкекке укук коргоочулар Барбара Легл жана Герри Зак келген. (SE)

XS
SM
MD
LG