Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:29

Өкмөт Батыралиевдин министрликке талапкерлигин колдоду


Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев саламаттыкты сактоо министри кызматына сунушталып жаткан Талантбек Батыралиевдин талапкерлигин колдоду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди.

Батыралиевдин талапкерлиги аталган фракция тарабынан өткөн жумада сунушталган. Эми аны парламенттеги комитеттер карап чыгып, жалпы жыйында чечим кабыл алынат.

Профессор Талантбек Батыралиев көп жылдан бери Түркияда эмгектенип келет.

Мурдагы министр Динара Сагынбаева 24-сентябрда өз арызы менен кызматтан кеткен. Коалициялык келишим алкагында Саламаттыкты сактоо министрлиги Социал-демократтар фракциясына бөлүнгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG