Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:49

Эрдоган: Кобаниге абадан курал таштоо туура эмес


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Сириянын чек арасындагы Кобани шаарын коргогон күрт согушкерлерине Кошмо Штаттардын абадан курал жарак, дары-дармек таштоосун туура эмес деди. "Себеби куралдардын айрымдарын “Ислам мамлекети” тобу кармап алды", - деп билдирди Эрдоган 22-октябрда Анкарда жасаган билдирүүсүндө. Ал күрттөргө абадан курал-жарак таштоого макул эмес экенин баса айтты:

- Эми кимдин кантип колдогону ачыкка чыгууда. “Мунун баары күрттөргө жеткен жок, бирок алар анын бир бөлүгүн алды” десе логикалуу болот. Буга ынанып болбойт, муну жасоонун бир кыйла акылдуу жана бир кыйла ишенимдүү жолдору бар. Маселе бул сыңары талуу маселеге келгенде, ал ишти жасаш керек деп эле мындай кадамга бара албайсыңар.

21-октябрда Пентагондун өкүлү, контр-адмирал Жон Кирби 20-октябрда таң азанда “C-130" учагынан ташталган 28 таңгак курал-жарак жана дары-дармектин бир таңгагы гана согушчандар тарапка түшкөн болушу этимал деп билдирген.

“Ислам мамлекети” тобу өз сайтында жарыялаган тасмада анын желдеттери АКШ күчтөрү асмандан таштаган бир таңгакты чечип жатышат.

Эрдоган Ирак күрттөрүнүн аскерлери-пешмаргелерди Кобаниге жардамга Түркия аркылуу өткөрүүнү сунуш эткен. Анын айтымында, Кобаниде азыр карапайым эл жок, 2 миңдей гана согушкер калган.

XS
SM
MD
LG