Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

Аял саясатчылар чечим кабыл алууну каалашат


Бүгүн бир нече саясий партияларга мүчө болгон аялдар маалымат жыйынын өткөрүп, Кыргызстанда аялдарды коомдук-саясий процесстерге тартуу маселесиндеги өксүктөр, акыйкатсыз мамиле жана гендердик теңсиздик тууралуу айтып беришет.

Катышуучулардын бири Эркайым Садыкованын “Азаттыкка” маалымдашынча, саясий партиялар аялдарды жана жаштарды шайлоо алдында көбүрөөк добуш алуу үчүн гана колдонбосо, аймактарда, мамлекеттик органдарда жана парламентте аялдардын чечүүчү роль ойношуна бут тосуп келишет.

- Саясий партиялардын лидерлеринин баары эркектер. Алар аялдарды уккусу да келбейт. Алар гендердик теңчилик болуш керек деп ооздун учу менен гана айтып коюшат. Бирок бизге жол ачышпайт. Канча жолу аялдардын партиясын түзүү аракети болду. Парламентте болсо аял депутаттар көйгөйлөрдү аз көтөрөт, анчалык жигердүү эмес. Аларга көтөрүп чыккан демилгесин ишке ашырууга мүмкүнчүлүк беришпейт.

Ушул тапта Кыргыз парламентиндеги 120 депутаттын 22 пайызын айымдар түзөт. Дүйнөлүк экономикалык форум гендердик теңчилик боюнча 2013-жылдагы абалды иликтеп, Исландияны алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошкон. Кыргызстан бул рейтингде 63-орунду, коңшу Казакстан 32, Тажикстан 90, Орусия 61-орунду ээлеген. (ZMa)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG