Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Аймактарда тариф саясаты боюнча коомдук угуулар өтөт


Бүгүндөн тарта Энергетика жана өнөр жай министрлигинин өкүлдөрү аймактардагы калкка түзөтүлгөн тарифтик саясат боюнча коомдук угууларды өткөрө баштайт. Бүгүн талкуулар Кара-Көлдө, Ошто, Ала-Букада, эртең Кара-Суу, Ноокат жана Ноокенде, Кара-Буурада, Жалал-Абадда өтөт. Башка аймактарда угуулар өтчү күн учурда такталып жатат.

Энергетика жана өнөр жай министрлиги электр энергиясына байланышкан жаңы тарифтик саясат боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга 14-октябрда алып чыкккан. Ага ылайык, айына 700 кВт саатка чейин электр кубатын пайдалангандарга 70 тыйындан, андан ашкандарга 1 сом 20 тыйындан төлөө каралган. Муну менен катар быйыл 17-июнда кабыл алынган тарифтик саясат боюнча токтом да жокко чыгарылды. Анда электр энергиясын 3 фазада колдонгондорго 1-сентябрдан тарта баа 70 тыйындан 1 сом 20 тыйынга көтөрүлгөн болчу. (ZMa)

XS
SM
MD
LG