Кабарларга караганда, жеке сектордогу үйлөргө электр энергиясына чектөөлөр киргизилет. Көп кабаттуу үйлөрдө жарык өчүрүлбөйт.
ОшРЭСтин жетекчиси Данияр Сыдыковдун айтымында, газ болбогондуктан Оштун жашоочулары электр энергияны белгиленген минималдык көрсөткүчтөн 700-800 кВт. сааттан ашык колдонууда. Сыдыковдун белгилешинче, жарыкты түндөн баштап эртең мененки алтыга чейин өчүрүү пландалууда. (ZMa)