Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:49

Буурчак өстүргөндөрдүн көйгөйү парламентте талкууланат


Кечээ “Республика” фракциясынын лидери Максат Сабиров парламенттин пленардык отурумунда буурчак өстүргөн дыйкандар депутаттардан буурчак маселесин көтөрүүнү талап кылып, эмне үчүн анын баасы кескин түшүп кеткенин сурап жатышканын айткан. Мындан улам төрага Асылбек Жээнбеков бүгүн бул маселе жыйында караларын айткан.

Кыргызстан боюнча быйыл 59 миң гектар жерге төө буурчак эгилген болсо, анын 55 миң гектары Талас облусуна айдалган. Бул 2013-жылга караганда 10 миң гектарга көп. Өткөн жылы Талас облусунда 84 миң тоннадай төө буурчак жыйналып, Кыргызстан башка мамлекеттерге 60 миң тоннадан ашык төө буурчак экспорттогон. Төө буурчактын килограммы былтыр жүз сомдон жогору сатылса, быйыл 40 сомдун тегерегинде. (ZMa)

XS
SM
MD
LG