Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү ардактуу консулдарынын үчүнчү жыйыны Ош шаарында уланып жатат. Дипломаттар жергиликтүү бийликтин жана жарандык коом өкүлдөрүнүн катышуусунда өлкөнүн инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн, өздөрү иштеген мамлекеттер менен социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө өңдүү маселелерди талкуулоодо.
Ардактуу консулдардын үчүнчү жыйыны 21-октябрда Бишкекте өткөн. Ага Нидерланды, Түркия, Пакистан, Жапония, Корея, Орусия жана Казакстандан 11 ардактуу консул келген. (SE)